Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:39

Беларуста чекарачыларга мемориалдык комплекс тургузулууда


БИШКЕК. Кыргызстандын Чегара кызматы Улуу атамекендик согушта курман болгон чегарачыларга Беларустагы Гродно шаарында тургузулуп жаткан мемориалдык комплекске 170 миң сом өлчөмүндөгү акча которду. Бул тууралуу бүгүн чегара кызматынын маалымат бөлүмүнөн билдиришти. Аталган мемориалдык комплекс КМШ өлкөлөрүнүн чегара кызматтарынын демилгеси менен граниттен тургузулууда жана анын салмагы 450 тоннаны түзөт. Улуу атамекендик согушта курман болгон чегарачыларга тургузулуп жаткан бул мемориалдык комплекстин салтанаттуу ачылышы ушул жылдын 22-июнунда болот. Бул аземге КМШ өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын да чегара кызматынын өкүлдөрү катышат.

XS
SM
MD
LG