Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:20

Бакудагы семинарга Кыргызстандын бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катышты


БИШКЕК. 30-апрелден 7-майга чейин Баку шаарында “Демократияга карай жолдор жана ага атуулдардын катышуусу” аттуу семинар өттү. Анда демократияны өнүктүрүү багытындагы маселелер талкууланып, коррупцияга каршы күрөшүүнүн жолдору, шайлоонун ачык-айкын өткөрүлүшү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун иш-аракеттери, элдин ой-пикирин кантип турмушка ашыруу тууралуу маселелер козголду. Бул тууралуу бүгүн “Арнамыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев “Азаттыкка” билдирди.

Жыйынга АКШ, Украина, Чехия, Грузия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн саясатчылары, саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышкан. “Коомдо демократиялык түзүлүштүн калыптануусу тууралуу пикир алышуулар болуп, чет элдик уюмдар менен байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк алдык”, деди Эмил Алиев.

XS
SM
MD
LG