Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:40

Таласта милиция кызматкери атып өлтүрүлдү


ТАЛАС. Бүгүн Талас шаардык милиция бөлүмүнүн бир кызматкери атып өтүрүлгөнү маалым болду. Талас шаарындагы кыргыз-түрк "Себат" кыздар лицейинде кезектеги нөөмөт учурунда милициянын ага сержанты, 1979-жылы туулган Чолпонбаев Таалайбек Каныбекович киши колдуу болгон. Белгисиз бирөө(лөр) 8-май күнү болжол менен таңкы саат 5-6 чамасында милицонер лицейдин имараттарын кыдырып, көрүп жүргөн учурунда алгач катуу бир нерсе менен башка уруп жыгып, андан соң милиционердин өз тапанчасы менен аны 4 жолу башка аткан. Кылмышкер(лер) милиционердин формасын чечип алып, тапанчаны кошо алып кеткен. Облустук милициянын начальниги Каримбердиев башында турган оперативдүү тергөө тобу түзүлүп, облустун бүт аймагы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Шектелген алгачкы адамдар кармалып, көрсөтмө бере башташты. Бул тууралуу Талас шаардык ички иштер бөлүмүнөн жана шаардык прокуратурадан 8-май күнү маалымдашты.

XS
SM
MD
LG