Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

Феликс Куловго партиялаштары киргизилбей жатат


БИШКЕК. Бүгүн «Арнамыс» партиясынын өкүлдөрү Феликс Кулов менен жолугушууга ал жаткан Чүй облусундагы Сокулук районуна караштуу Жаңыжер айылындагы түрмөгө кире алышкан жок. Партиянын өкүлдөрү «Азаттыкка» билдиришкендей, түрмөнүн начальниги аларды соңку мезгилде Феликс Кулов менен жолуктурбай жатат жана мындай көрсөтмө бийлик өкүлдөрү тарабынан берилген.
Акыйкат министрлигинин жаза өтөө жайларынын башкы башкармалыгынын маалымат кызматы бул маалыматты бышыктаган жок.

Акыркы эки айда Феликс Куловго анын туугандары жана партиялаштары киргизилбей жатат.

Экс-вице-президент Феликс Кулов 2001-жылдын январь айынан тартып камакта жатат. Анын үй-бүлөсү 4 жылдан бери АКШда жашайт.

XS
SM
MD
LG