Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Президенттин буйругу менен Карасуу районунун акими кызматтан кетти


БИШКЕК. Мамлекет башчысынын 7-майдагы буйругу менен Ош облусунун Карасуу мамлекеттик администрациясынын башчысы Адам Закиров кызматынан бошотулду. Анын кызматтан кетишине мамлекеттик программаны ишке ашырууда жумушундагы уюштуруу иштеринин жетишпеген жагдайы себеп болгон. Ал эми ушул эле күнү президенттин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы экономикалык маселелер боюнча комиссиясынын атайын өкүлү Ян Фишер башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу кыматынан бошотулуп, анын ордуна Чолпон Ибраимов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG