Эл аралык "Кызыл чырым" уюму Непалда согушуп жаткан тараптарга бүгүн кайрылып, аларды колго түшкөн туткундарга жана күнөөсүз карапайым адамдарга ырайымдуу мамиле кылууга чакырды. Сегиз жылдан бери Непалда өкмөттүк күчтөр менен марксисттик-маочул топтор ортосунда кагылышуулар болуп келет жана аларда 10 миңге жакын адам курман болду.