"Франс-пресс" агенттигинин маалымдашынча, Минскидеги Европалык гуманитардык университет убактылуу жабылды. Өткөн февралда президент Александр Лукашенка - бул университетте өтө көп чет өлкөлүк мугалим иштейт экен деп билдирген жана андан соң Билим берүү министрлигинин басымы астында университеттин ректору кызматынан чегинген. Жакында болсо президент Лукашенка университеттин чет өлкөлөрдөн грант алуусуна тыюу салды, Билим берүү министрлиги болсо аны расми каттоодон өткөрбөй койду.