Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Минск шаарында ири антиөкмөттүк демонстрация болуп өттү


Үч жүзгө жакын адам кечээ күнү Минск шаарынын көчөлөрүнө чыгып, өкмөткө каршы демонстрация өткөрдү. Алар бийлик тарабынан өлтүрүлгөн же дайынсыз жоголуп кеткен саясатчылар жана журналисттердин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты. Геннадий Карпенко 1999-жылы белгисиз шартта өлтүрүлгөн. Виктор Гончар, Анатолий Красовский, Юрий Захаренко жана Дмитрий Завадский болсо дайынсыз жоголуп кеткен. Адам укуктарын коргогон эл аралык уюмдар жана оппозиция бул окуялар үчүн президент Александр Лукашенкону күнөөлөөдө.

XS
SM
MD
LG