Линктер

шейшемби, 24-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:20

Ливияда өлүм жазасына кесилгендер ишине Бириккен улуттар кийлигишиши мүмкүн


Болгариянын тышкы иштер министри Соломон Пасси Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешине кайрылып, Ливияда өлүм жазасына кесилген беш болгариялык кызматкердин ишин оң чечүүгө жардам сурады. Алар палестиналык бир доктур менен кошо 6-майда өлүмгө кесилген, анткени төрт жүздөн ашык ливиялык балага СПИД оорусун атайылап жуктурган деп күнөөлөнгөн. Прокурорлордун айтымында, СПИДке каршы дары издөө максаты менен атайын эксперимет өткөрүлгөн сыяктуу. Кээ бир байкоочулардын айтымында, доктурлар кыйноо астында күнөөнү мойнуна алышы мүмкүн.
XS
SM
MD
LG