АКШнын Сан-Франциско шаарынын соту кечээ күнү Украинанын мурдагы премьер-министри Павло Лазаренкого каршы коюлган бир топ күнөөнү алып салды. Лазаренко Украина өкмөтүн 1996-1997-жылдарда башкарган жана жүздөгөн миллион доллар каражатты ысыраптап, өз пайдасына пайдаланган деп күнөөлөнгөн. Анткен менен кечээ күнү сот ага коюлган отуздан ашык күнөөнүн жыйырма үчүн алып салууга аргасыз болду, анткени прокурорлор жетиштүү далил камсыз кыла алган жок. Буга чейин Лазаренко - арам акчаны Швейцарияда адалдагандыктан күнөөлү деп табылган.