Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Түркиянын конституциясына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамдар кабыл алынды


Түркиянын парламенти кечээ күнү өлкө конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча жаңы мыйзамдар топтомун кабыл алды. Өзгөртүүлөр Европа Биримдигине кошулуу жараянынын чегинде жасалууда жана аларга ылайык, аскердин саясатка кийлигишүү мүмкүнчүлүгү чектелет, өлүм жазасы менен өлкөнүн мамлекеттик коопсуздук соттору жоюлат жана эркектер менен аялдардын укуктары толук теңелет. Эми мыйзамдарга президент Ахмет Неждет Сезер кол коюуга тийиш.

XS
SM
MD
LG