Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жыйын курат


БИШКЕК. Өкмөт алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилиги 11-майдан 23-майга чейин Ош жана Баткен облустарында болуп, жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жогорку окуу жайларынын студенттери менен жолугушууларды өткөрөт. Анда муфтияттын жергиликтүү бөлүмүнүн өкүлдөрү да катышып, диний экстремизмге, исламды саясатташтырууга, калк арасында тетири диний агитацияларды жүргүзүүгө каршы туруу боюнча маселелер талкууланат. Ал эми 21-майда Бишкекте дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү район, шаар, айылдардагы башкы имам-хаттабдарынын катышуусу менен жыйын өтөт. Бул тууралуу бүгүн дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан маалымдашты.

XS
SM
MD
LG