Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

Таласта милиция кызматкерин атып өлтүргөн деп шектелген адам кармалды


ТАЛАС. 8-майдын таңында Талас шаардык милициясынын бир кызматкерин атып өлтүргөн делип шектелген адам кармалды. Мурда айтылгандай, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн күзөт кызматынын ага сержанты Чолпонбаев Таалайбек Каныбековичти кыргыз-түрк "Себат" кыздар лицейиндеги кезектеги нөөмөт учурунда атып кетишкен. Оперативдүү иликтөө топторунун бир нече божомолу боюнча жүргүзүлгөн иштеринин натыйжасында кылмыш жасалган 12 сааттан кийин шектүү делген 19 жаштагы Жылкычиев Эрмек Аскарбекович өз үйүндө кармалды. Буюм далилдери катары анын жанынан "Макаров" тапанчасы бир куту октору менен, жана милициянын формасы да табылды. Адвокат Сейиткул Доолбековдун катышуусундагы алгачкы көрсөтмө берүү учурунда, Эрмек Жылкычиев Таалайбек Чолпонбаев аны менен жакшы жолдош экендигин билдирген. Айыпкер Эрмек Жылкычиев Кыргыз-славян университетинин студенти, бир нече айдан бери оорусуна байланыштуу үйүндө жүргөн. Талас университетинин ректорунун баласынын мындай кадамга барышынын социалдык-психологиялык себептери тартип коргоочулар үчүн таң калыштуу жагдай болууда.

XS
SM
MD
LG