ЖАЛАЛАБАД. 9-майда облуста Улуу жеңишке байланыштуу салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү. Согушта курман болгондорду эскерүү митинги 300дөн ашуун адамдын катышуусу менен Жалалабад шаарындагы "Кайгыга баткан эне" аттуу эстеликтин алдында өттү. Экинчи дүйнөлүк жана Ооган, Баткен согуштарында Ата мекенди коргогондорду куттуктаган облустун губернатору Жусупбек Шарипов, алардын мамлекет менен коомчулуктун алдында камкордукта болорун белгиледи. Эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, театрлаштырылган оюн-зооктор көрсөтүлүп, спорттук мелдештер уюштурулду. Ардагерлерге сый тамак тартууланды. Ата мекендик согушка облустан 30 миң адам катышып, алардын 18 миңи туулган жерине кайтпай калышкан. 7 кишиге "Советтер Союзунун баатыры" наамы берилген. Учурда облуста согуштун 1385 ардагери жашайт.