Өткөн аптадагы референдумда премьер-министр Ариэль Шарон лидерлик кылган, башкаруучу "Ликуд" партиясынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү анын Газа секторундагы жөөт конуштарын жоюу жана аскерлерди чыгарып кетүүнү караган мурдагы планын четке каккан эле. Шарон пландын жаңы үлгүсүн даярдоо максатында ушул айдын ортосунда АКШга белгиленген визитин токтотконун бүгүнкү өкмөт жыйынында билдирди. Израилдин вице-премьер-министри Эхуд Ольмерттин айтымында, өкмөт кырдаалдан чыгуунун жолун табышы зарыл:
- Израиль өкмөтү өлкө үчүн пайдасыз азыркы кырдаалды өзгөртүүгө жетишиш керектиги айныксыз. Башкаруучу "Ликуд" партиясынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү колдобогуна карабай план бар, башка альтернатива жок. Менимче биз планды кайра иштеп, өкмөт тарабынан кабыл алынышына жетишишибиз керек.