Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Багдаддагы уруштарда бир нече адам курман болду


Ирактагы Америкалык командачылыктын өкүлү, генерал Марк Киммиттин билдиргенине караганда, Багдадда төрт жерде орун алган уруштарда 19 козголоңчу, үч жергиликтүү полицей жана алты ирактык мерт болду. Дагы тогуз ирактык жана сегиз полицей жаракат алды.
Ал эми Багдаддагы чоң базарлардын биринде болгон бүгүнкү жарылуудан жети адам өлүп, дагы бир нече адам жаракат алган эле. Өлкөнүн түштүгүндөгү Амара шаарында шийит согушкерлери британ аскерлери менен кагылышкан. Басра шаарында болсо жолдогу жарылуудан британиялык үч аскер жаракат алды.

XS
SM
MD
LG