Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Британиянын премьер-министри ирактык айыпкерлердин мазакталышы үчүн кечирим сурады


Тони Блэр "ирактык түрмөдө өзүм билемдикке жол берген британ аскерлери жазаланат" деп сөз берди. Өткөн аптада АКШнын президенти Жорж Буш да америкалык аскерлер үчүн кечирим сураган эле.

Британиянын Коргонуу катчысы Жефф Хун бүгүн парламентте британ аскерлеринин Ирактагы жосунсуз жоруктары тууралуу маалымат берет.

АКШ Армиясы жекшембиде ирактыктарды мазактаган америкалык бир жоокердин Багдадда аскердик ачык сотто соттолоорун жарыялады. Кечээ Түркияда исламчыларды жактаган бир партия чет элдик аскерлерден кордук көргөн ирактык айыпкерлерди колдогон демонстрация уюштурду. Демонстрацияга 20 миңдей киши катышты. Алар Америкага каршы ураан чакырып, АКШ президентинин сүрөттөрүн өрттөштү.

XS
SM
MD
LG