Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Европа Кеңешинин Грузиядагы өкүлү өлкөдөн чыгарылды


Бул тууралуу грузин президенти Михаил Саакашвили билдирди. Президенттин айтымында, бул чара Ажария менен Тбилисинин ортосундагы жаңжалга карата Европа Кеңешинин турумуна нааразылык билдирүү максатында көрүлдү. Батуми унивеситетинде сүйлөгөн сөзүндө Саакашвили Европа Кеңеши "эки тарап диалог түзүүгө дареметин жоготту" деп жарыялаганын билдирди. Грузин президентинин көз карашында, мындай аныктама эки тарап тең бирдей күнөөлүдөй таасир калтырат.

XS
SM
MD
LG