Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Дүйнө лидерлери Чеченстандын президентинин өлтүрүлүшүн айыпташууда


Кошмо Штаттарында Акүйдүн маалымат катчысы Скотт МакКлеллан президент Ахмад Кадыровдун өлүмүнө терең кайгыруу билдирип, АКШ терроризмди жана аны ишке ашыргандарды айыптаарын кошумчалады. "Чеченстандагы жаңжалды Орусиянын аймактык биримдүүлүгүн сактоочу саясий жол менен гана чечүүгө болот" деп билдирди Франциянын тышкы иштер министрлиги. Испаниянын өкмөт башчысы Хозе Луис Родригес Запатеро Орусиянын президенти Владимир Путинге телефон чалып, "Грозныйдагы карөзгөйлүктү" айыптады. Европа Биримдиги "мындай окуя терроризмге каршы күрөштө эл аралык кызматташттыкты дагы жакшыртуу керектигин айгинелейт" деди.

XS
SM
MD
LG