Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Бишкекте нааразылык акция өткөрүлөт


БИШКЕК. 17-майда Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында нааразылык акцияларга чыккан атуулдардын тартип коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз кармалып, сот жообуна тартылышына каршы пикет болот. Бул акция «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун демилгеси менен уюштурулууда. Уюм буга чеийн, 6-майда нааразылык акцияны өткөрүүгө уруксат сурап, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясына кайрылган. «Кылым шамы» бейөкмөт уюму тарабынан жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, акыркы 7 айдан бери Бишкекте бир да санкцияланган митинг же пикет боло элек. Анткени, жергиликтүү мамлекеттик органдар тарабынан уруксат берилген эмес. 17-майда боло турган пикетке борбор калаадагы укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу «Азаттыка» бүгүн «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунан маалымдашты.

XS
SM
MD
LG