БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанда улуттук валютанын киргизилгенине 11 жыл толду.
Эң алгачкы кыргыз сомуна, ошол мезгилдеги Улуттук банктын төрагасы Кемелбек Нанаев кол койсо, экинчисинде Улуттук банктын мурдагы төрагасы, мыйзамчы-депутат Марат Султанов кол койгон. М. Султанов белгилегендей, Кыргызстан мындан 11 жыл мурда экономикалык кыйынчылыктарды баштан өткөрүп турган чакта саясий багытта эмес, экономикалык багытта улуттук валюта - сомду киргизген.
- Анткени, ал мезгил Кыргызстандын башка мамлекеттер менен соода-экономикалык байланыштары үзүлүп, Москвадан дотация токтотулуп, инфляция өсүп турган шарт эле. Мамлекетибизге улуттук валютаны киргизип жатканыбызда, көпчүлүк сомду киргизүүгө каршы болушкан. Аз күн өткөндө сом кагаздан айырмасы жок болуп калат деген пикирлер да айтылган. Ал эми учурда Борбор Азия аймагында эң туруктуу валюталардын бири кыргыз сому болуп эсептелет, - дейт М. Султанов.