БИШКЕК. Кыргызстандын басма сөз каражаты эркин эмес. Анын бедели дүйнөлүк басма сөз кызматтырынын арасында 156-орунда турат. Мындай маалыматты АКШнын Фридом Хауз укук коргоо уюмунун 2004-жылдагы дүйнөлүк басма сөз каражаттарынын эркиндигинин бедели боюнча изилдөөсүнө таянып, “Акипресс” агенттиги билдирди. Фридом Хауз уюмунун иликтөөлөрүнө ылайык, постсоветтик мамлекеттердин арасынан Эстония менен Латвияда маалымат каражаттары кыйла эркин. Алар 17 упай менен 28-орунга көрсөтүлгөн. Ал эми Орусиянын басма сөз эркиндиги Йемен, Камерун мамлекеттери менен катар 147-орунга, Беларусь менен Өзбекстан 182, Түркменстан 95 упай менен 190-орунга татыктуу болгон.