Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Кыргызстан Ооганстанга жардам берет


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев Ооганстандын каржы министри Ашрам Гани менен жолугушту. Жолугушууда Н. Танаев согуштан кийинки Ооганстандын өнүгүшүнө Кыргызстан тарап да өз салымын кошуп жатканын маалымдады. Тараптар ошондой эле Кыргызстандын продукцияларын Ооганстанда сатуу жана бул өлкө аркылуу башка мамлекеттерге сатыкка алып чыгуу, Ооганстанда ачылган Кыргызстандын курулуш ишканаларына байланыштуу маселелер боюнча пикир алышышты. Ушул эле күнү премьер-министр Ооганстанды калыбына келтирүү маселелери боюнча эл аралык конференцияга катышып жаткан Пакистан делегациясынын жетекчиси Тарик Икрам менен жолугушуп, Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.

XS
SM
MD
LG