БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Ооганстанды калыбына келтирүү маселелерине арналган «Ооганстандын регионалдык экономикалык кызматташтык: Борбор Азия, Иран жана Пакистан» деген аталыштагы эл аралык конференция башталды. Ага Борбор Азия өкөлөрүнүн, ошондой эле Ооганстан, Пакистан, Ирандын расмий делегациялары, Дүйнөлүк жана Азия өнүгүү банкттарынын өкүлдөрү катышууда. Жыйынды Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев ачып, согуштан кийинки Ооганстанды калыбына келтирүү процесстерине башка өлкөлөрдөй эле, Кыргызстан да мындан ары катышууга даяр экендиги жөнүндө маалымдады. Ал эми Ооганстандын делегациясынын жетекчиси, өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин өкүлү Адиб Фахради ушул тапта Ооганстанда тышкы инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөндүгү жөнүндө билдирди. Дүйнөлүк банктын Ооганстан боюнча улуттук директору Аластейр Маккечни Ооганстанды калыбына келтирүү боюнча консультацияларды жүргүзүү баскычы аяктагандыгын белгилөө менен, мындан ары Ооганстанга конкреттүү жардамдар көсөтүлө башташы керек деген пикирин айтты. Түштөн кийин конференциянын катышуучулары секциялар боюнча иштей башташты. Эл аралык конференциянын иши эртең улантылат.