БЕЛГРАД. Сербиянын мурдагы өкмөт башчысы Зоран Жинжичтин өлүмүн уюштурду деп шектелген Милорад Луковичке карата бүгүн Белградда башталган сот иши 10-июнга чейин танапис жарыялады. Буга Луковичтин өтүнүчү негиз берди. Соттун башталышында ал өз жактоочусун даярдоо үчүн 45 күн мөөнөт сураган. Өз каалоосу менен келген Луковичти полиция өткөн аптада камакка алган. Лукович бир эле учурда коопсуздук кызматында да иштеп, кылмыштуу топтун башчысы да болгондугу айтылууда. Премьер министр Зоран Жинжич былтыр 12-мартта атып өлтүрүлгөн. Лукович мындан тышкары серб президенти Иван Стамбовичтин өлтүрүлүшүнө жана азыркы тышкы иштер министри Вак Драсковичтин өмүрүнө кол салууга да катышы бар катары шектелүүдө.