ГЕРАТ. Ооган президенти Хамид Карзай бүгүн Гератка барып, аймак башчысы Исмаил Хан менен жолугушту. Беш саат убакытты камтыган жолугушуу тууралуу кеңири маалымат таратылган жок. Бирок, Исмаил Хан бийликти катуу сынга алгандыгы айтылууда. Ал эми Хамид Карзай Гераттан кайтып баратканда журналисттерге бүгүнкү жолугушууда куралсыздандыруу талкууланбаганын, бул маселе боюнча макулдашуу бар экенин билдирди. Хан бажы кирешелерин өкмөттүн казынасына берүү, жергиликтүү күч бийлигин куралсыздандыруу өңдүү борбордук бийликтин сунушунан баш тартып келатат. Өкмөт болсо июндун этегине чейин жер-жерлердеги 400 миң чамалаш адамдын куралын борбордук бийликтин карамагына өткөрүүнү пландап жатат.
Өткөн апта ичинде өлкөнүн түштүк-чыгышындагы жергиликтүү жана борбордук бийлик ортосунда кагылышууларда кеминде жети киши набыт болду.
Өткөн апта ичинде өлкөнүн түштүк-чыгышындагы жергиликтүү жана борбордук бийлик ортосунда кагылышууларда кеминде жети киши набыт болду.