Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:24

Чечен президентинин сөөгү жерге берилди


ГРОЗНЫЙ. Чечен президенти Ахмад Кадыровдун сөөгү бүгүн өзүнүн айылы Тренторойдогу көрүстөнгө коюлду. Аны акыркы сапарга узатуу расмисине 3 миң чамалаш адам катышты. Чечен премьер министри, президенттин милдетин аткарып жаткан Сергей Абрамов Кадыровду акыркы сапарга узатуу учурунда мындай деди:

- Мурдагы түнү биз шаарларды кандай курарыбыз, сиз менен бирге экономиканы кантип калыбына келтирерибиз, бейкуттук жөнүндө сүйлөштүк эле. Бирок… менин айтаарым - сизден көптү үмүт кылышчу.

Кадыров кечээ Грозныйда Жеңиш күнүнө карата стадиондо өтүп жаткан салтанат учурундагы жардыруудан набыт болду. Бул террактта дагы алты киши өлгөндүгү кабарланды. Алардын катарында Чеченстандын мамлекеттик кеңешинин башчысы Хузин Изаев да бар. Бирок, жардырууну эч ким мойнуна алган жок. Эл аралык коомчулук терракты сынга алган билдирүүлөр менен чыгып жатат. “Франс пресс” агенттигинин маалымдаганына караганда, Кадыровдун уулу Рамзан биринчи вице премьер министр болуп дайындалды.

XS
SM
MD
LG