БАГДАД. Ирак аймагындагы акыркы күнкү кагылышууларда баш-аягы 35 адам окко учту. Бул тууралу АКШ аскеринин өкүлү Марк Киммит билдирди. Садр шаарындагы АКШ аскерлери менен динаятчы Моктада ал-Садрдын тарапкерлери ортосундагы капысынан болгон кагылышууда 19 козголоңчу, Кафада эки тараптан 12 адам набыт болду. АКШ аскерлери ошондой эле ал Садрдын Багдаддагы кеңсесин аткылашты. Ал эми Киркук шаарында бүгүн чет өлкөлүк адистердин автоунаасы аткылоого тушукту. Анда Түштүк Африкалык инженер жана ирактык айдоочу набыт болуп, бир киши жарат алды.
Март айынын этегинен бери айыгышкан согуш жүрүп жаткан Фаллужага бүгүн америкалык күзөт киргизилди.
Март айынын этегинен бери айыгышкан согуш жүрүп жаткан Фаллужага бүгүн америкалык күзөт киргизилди.