Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:18

Иракта америкалык аскерлер шийит куралчандары менен кагылышты


АКШ армиясынын маалымат катчысы генерал Марк Киммиттин маалымдашынча:

- Багдадда өткөн түнү коалиция аскерлери "Садыр" ооданында чабуулга өттү. Чабуул куралдуу кол салуулардын санын азайтып, Моктада молдонун куралчандарын алсыздантуу максатын көздөдү.

Ирактын түштүгүндөгү Куфа шаарында АКШ аскерлери менен Моктада Садыр молдонун колдоочуларынын ортосундагы кагылышта 12 ирактык окко учканы кабарланууда. Багдаддан батышта америкалык аскерлер ирактык күчтөрдүн коштоосунда өткөн айдан бери биринчи жолу Фаллужа шаарына кирди. Ал эми түндүктөгү Мосул шаарында кайгуулда турган бир америкалык аскер көзгө атар мергендин огунан набыт болду.

XS
SM
MD
LG