Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

11-майда Талас облусунун жаштар уюмунун форуму өттү


ТАЛАС. Форум алгач "тегерек стол" жолугушуу формасында башталып, ал демократияга колдоо көрсөтүү үчүн маалымат борборунда өттү. Өрөөндүн баардык аймактарынан келишкен жаштар уюмдарынын лидерлери, тынчтык корпусунун эл аралык волонтерлору өрөөндүн аймагында жаштар кыймылы канат жая албай, ага мамлекеттик структура тийиштүү колдоо көрсөтө албай жаткандыгы айтылды. Форумдун кийинки бөлүгү Ооган жана Баткен согушунда курман болгондордун эстелигине таазим этүү менен уланды. Жаштар өздөрү баштап жаткан бул демилгени сөз сүйлөшкөн бийлик өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилери, эл аралык донор уюмдарынын кызматкерлери колдой тургандыктарын айтышты.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG