Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Ысыккөл облусунда малымат каражаттарынын ресурстук борбору түзүлдү


КАРАКОЛ. Аталган борбордун директору Рамис Маметовдун айтымында, маалымат каражаттарынын облустук ресурстук борбору республиканын юстиция министрлигинин атайын каттоосунан өттү. Борбор массалык маалымат каражаттарынын баардык өкүлдөрү жана журналисттер менен тыгыз кызматташтык байланышты бекемдөө жана колдоо көрсөтүү максатында түзүлдү. Кыргызстан журналисттер профсоюзу, "Журналист" коомдук бирикмеси, "Интерньюс", "Сорос-Кыргызстан", "Фридом хауз" жана башка эл аралык уюмдар менен алакалаш иштешип, алар менен өнөктөш болуу аракети да бар. Ошондой эле жергиликтүү бийлик ээлери менен маалымат каражаттарынын байланышын бекемдөө, айрым элге жетпей турган маалыматтарды ачыка чыгаруу үчүн ресурстук борбор аркылуу брифингдер, пресс-конференция уюштурулат дейт Мамедов.

XS
SM
MD
LG