Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:39

БУУнун өнүктүрүү программасынын администратору Марк Маллок Браун Кыргызстанга келет


БИШКЕК. 12-майда Кыргызстанга иш сапары менен БУУнун өнүктүрүү программасынын администратору Марк Маллок Браундун келиши күтүлүүдө. Ал Бишкекте өтүп жаткан «Ооганстандын аймактык экономикалык кызматташтыгы: Борбор Азия, Иран жана Пакистан» деген аталыштагы эл аралык конференцияга жана “Миң жылдыкта өнүгүүнүн багыты: жакырчылыкты жоюу жана социалдык моблизация” багытында болуучу үчүнчү улуттук форумга катышат. Бул тууралуу бүгүн тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

БУУнун башкы ассамблеясы Марк Маллок Браунду өткөн жылдын апрель айында 4 жылдык мөөнөт менен Өнүгүү программасынын админстраторлук кызматына бекитишкен. Ал ошондой эле БУУнун өнүгүү маселелери боюнча программасынын жана башкармалыгы менен өнүгүү жетекчилеринин төрагасы. БУУнун баш катчысынын өтүнүчү менен уюмдун “Миң жылдыкта өнүгүү багытындагы стратегияны иштеп чыгуу” кызматын жетектейт.
Айрым саясатчылардын пикиринде Марк Маллок Браундун келиши Кыргызстан менен БУУнун өнүгүү программасынын кызматташтыгын арттырат.

XS
SM
MD
LG