БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Ооганстанды калыбына келтирүү боюнча маселелерди талкуулаган эл аралык конференция өз ишин улантты. Анын катышуучулары Ооганстанга экономикалык жактан жардам көрсөтүүнүн жолдорун талкуулашууда. Жыйындын катышуучулары Ооганстан, Иран, Пакистан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда саясий, соода-экономикалык, маданий тармактарда тыгыз кызматташтык болмоюнча, жалпысынан региондо өнүгүү болбойт деген чечимге келишти. Бул күнү ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн, Иран, Пакистан жана Ооганстандын ишкерлери Бишкектеги Эркин экономикалык аймагында болушуп, анын иштиктүүлүгү менен таанышышты. Эртең конференцияга президент Аскар Акаев жана Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын администратору Марк Браун катышып, сөз сүйлөшөт. Ооганстанды калыбына келтирүү маселелерине арналган эл аралык жыйын ушул эле күнү өз ишин аяктайт. Конференциянын соңунда Кыргызстан менен Ооганстандын жана башка өлкөлөрдүң ортосунда соода жана транзит жөнүндөгү макулдашууларга кол коюлушу күтүлүүдө.