Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:09

Дүйнө СПИДге каршы күрөшкө маани бербей жатат


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кечээ Женевада жарыяланган жылдык докладында эскертилгендей, эгер бул илдеттин таралышын ооздуктоо боюнча олуттуу жана натыйжалуу чаралар көрүлбөсө, ал дүйнө жүзүнө өтө чоң социалдык жана экономикалык апаат алып келиши мүмкүн. Докладдын башкы редактору Томсон Прентис бул илдеттин дүйнөдө, айрыкча Африкада жана Азияда,ошондой эле бардык жерде жайылышын токтотуу боюнча тыкыр кадамдар жасалышы өзгөчө зарыл, ушундай шартта гана миллиондогон адамдын өмүрүн сактап калууга болот деп билдирди. СПИД соңку чейрек кылым ичинде дүйнөдө 20 миллион адамдын өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG