Жөөт аскерлери алты жоокерин, палестин тарабы беш адамын жоготту. Палестиналык дарыгерлер жетимиштен ашуун киши ооруканаларга түшкөнүн айтышууда. Бүгүн эртең менен жөөт аскерлери террористтик инфраструктураларды жок кылуу максатында Газа тилкесине кирген эле. Палестин автономиясынын премьер-министри Ахмед Куреи Израилди региондогу бейпилдикти каалабайт деп айыптады. Палестин тарабы тынчтык орноткону күч үрөп жатат, Израил болсо куралдуу кагылыштарды тутантууда деп айтты Куреи.