Владимир Путин мындан эки күн илгери террордук адисадан набыт болгон чечен президенти Ахмад Кадыровго “Россиянын баатыры” деген наам берилгенин жарыялап, “Алтын жылдыз” медалын анын үй-бүлөсүнө тапшырды. Бул тууралуу Путин өзү бүгүн өкмөт мүчөлөрү менен өткөргөн кезектеги жолугушууда билдирип, Ахмад Кадыровду чанда бир кезиге турган, таза насилдүү, анык азаада жана эр жүрөк киши эле деп мүнөздөдү. Ушундай өкүлү бар эл, Путиндин айтымында, кимди болсо да шүйшүнтпөй койбойт. Путин Чеченстанда ички иштер министрлигинин аскер контингентин дагы миң кишиге көбөйткөнгө көрсөтмө берди. Путиндин бул визити тууралуу качан гана ал Грозныйдан Москвага кайтып келгенде белгилүү болду.