Натыйжада бир катар учурларда бейжазык кишилердин, алардын ичинде жаш балдардын өмүрү кыйылууда. Лондондо жайгашкан эл аралык мунапыс уюму жарыялаган отчетто ушундай тыянак жасалат. Уюмдун өкүлү Лесли Уорнер жөн-жайкын калк кыргын тапкан иштерди британдык аскери өкүлдөр жетерлик түрдө иликтебегендигине камтамачылык билдирип, ушундан улам батыш коалициясы ирак элинин ишениминен ажырап жаткандыгын, бул өтө олуттуу проблема экенин эскертти. Британ коргоо министри Жефф Хун кечээ парламенттеги талкууда сөз болгон фактылар боюнча териштирүү иштери башталганын билдирген эле.