Тартип коргоочулар катуу кайтарууга алган Тегеран университетинде 600 чакты студент чогулуп, Хашеми Агажарини кайрадан жогорку жазага кесилишине нааразылык билдиришти. Агажари Ирандын консервативдүү динаятчыларын сынга алгандан кийин, биринчи жолу 2002-жылы өлүм жазасына буйрулган эле. Бүткүл өлкөдө нааразылык жараткан бул чара Ирандын диний жол башчысы Аятола Али Хамейнинин көрсөтмөсү менен күчүнөн кетирилген. Кечээ сот кайра профессорду өлүм жазасына тартууга өкүм кылды.
Иранда студенттер тарых профессорунун өлүм жазасына кесилишине каршы демонстрация өткөрүштү