Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:05

Буш Сирияга каршы экспорттук чектөө киргизди


АКШнын президенти бул өлкөгө Америкадан азык-түлүк, дары-дармектен башка товарларды алып келүүгө тыйуу салды. Бул чара Буштун администрациясы Сирияны "терроризмди колдойт жана АКШнын Ирактагы иштерине бут тосуп жатат" деп күнөөлөгөндөн кийин киргизилип жатат.

АКШнын президенти Сириянын өкмөтүнө "массалык кыргын салуучу курал программасын өнүктүрүп жатат жана Ливанды басып алган" деп кине койду. Дамаскиде Сириянын өкмөт башчысы Мохаммед Нажи Отри америкалык санкцияны "негизсиз жана акыйкатсыз чара" деп мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG