Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:21

Сенат Ирактагы түрмөлөр маселесин талкуулады


АКШнын Сенаты америкалык аскерлердин Ирак түрмөлөрүндөгү зөөкүрдүгүнө байланышкан маселени талкуулады. Талкууда бул ишти иликтеген генерал-майор Антонио Тагуба билдирүү жасады. Ал мындай кырдаал жетекчиликтин начардыгынан болгонун белгилеп, ошол эле учурда абактагыларды коркутуу, сексуалдык ыдык көрсөтүү сыяктуу зөөкүрдүккө саналуу гана аскерлер жол бергенин билдирди. Ал ошондой эле аскерлерге жогортон кимдир бирөөлөр атайын буйрук берген фактыларды кезиктирбегенин бышыктады. Генерал-майор мындай аракеттерге америкалык жана эл аралык мыйзамдарда тыюу салаарын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG