Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Коопсуздук кеңештин катчысы кайтып келди


БИШКЕК. Коопсуздук кеңештин катчысы Мисир Ашыркулов 12-майдан баштап кайрадан өз милдетин аткарууга киришти. Бул тууралуу анын орун басары Муканбет Касымалиев билдирди. Анын айтымында, жакын арада Коопсуздук кеңештин жыйыны болушу күтүлүүдө. Анда энергетика жана терроризмге каршы күрөш маселеси каралышы белгиленүүдө. Коопсуздук кеңештин катчысы Мисир Ашыркулов 16-апрелде Санкт-Петербург шаарында автокырсыкка кабылып, ошол кезден бери Россияда дарыланып жүргөн эле.

XS
SM
MD
LG