Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Европа банкы Кыргызстандагы саясий кырдаалга кызыкты


БИШКЕК. Кыргызстандагы парламенттик жана президенттик шайлоолор тынч жана демократиялуу өтөөрүнө ишенем деп билдирди спикер Абдыганы Эркебаев. Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын пикиринде учурда Кыргызстанда туруктуу саясий акыбал сакталууда. Мындай ойду спикер 12-майда Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын миссиясы менен болгон жолугушууда айтты. Аталган банктын башкы кеңешчиси Махир Бабаев менен банктын Кыргызстандагы өкүлү Даниель Берг баарлашуу учурунда Кыргызстандагы саясий абалга кызыккан. Ушул күндөрү Европанын өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын миссиясы Кыргызстанда жүрөт. Максаты - аталган банк менен Кыргызстандын ортосунда келерки эки жылга кызматташтык стратегиясын тактап чыгуу.

XS
SM
MD
LG