БИШКЕК. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг мырза бүгүн Улуттук демократиялык институттун Демократияны колдоо боюнча Кочкор районундагы борборунда бир катар өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда келээрки шайлоого даярдык көрүү, ал үчүн байкоочуларды даярдоо маселеси жөнүндө маселе козголгон. АКШнын элчиси жолугушууда «президент Аскар Акаев "келээрки шайлоого барбайм" деп айткан. Биз президенттин мындай чечими Борбор Азия регионунда демократиянын өнүгүшү үчүн мыкты салым болоруна ишенебиз» деп билдирген. Бул тууралуу элчи менен жолугушууга катышкан «Эр айдоочу» өкмөттүк эмес уюмунун лидери Болот Качкынов маалымдады.