БИШКЕК. 11-майда Каракулжа-Алайку автожолунда көлөмү 250 миң кубометрлик жер көчкү түштү. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги 12- майда билдиргенге караганда бул кырсыктан эч ким жабырланган жок. Жол кызматтары көчкү баскан жолду тазалоого жана калыбына келтирүүгө жакынкы күндөрү киришет. Ал эми Каракулжа айыл өкмөтүнө караштуу Карабаткак аймагында 10–майдагы жер көчкүдө набыт болгон эки адамдын сөөгү табыла элек. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу батальону жүргүзүп аткан издөө иштерине жергиликтүү калктан 100дөй адам кошулду. Бул маалыматты 12-майда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.