Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:09

Тыңшоочу аппараттар чатагын парламент 21-майда карайт


БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйынынын 6 депутатынын иш бөлмөсүнөн табылган жашыруун угуучу аппараттардын ким тарабынан коюлушун иликтеген депутаттык комиссия 12-майда жабык эшик артында жыйын өткөрдү. Жыйын комиссия төрагасы Кубатбек Байболовдун төрагалыгы астында өтүп, анын жыйынтыгында маселени 21-майда боло турган палатанын отурумунда кароо сунушталды. Бул тууралуу комиссия мүчөсү Алишер Абдимомунов билдирди. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Ишенбай Кадырбеков, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Дооронбек Садырбаев, Исмаил Исаков жана Өмүрбек Текебаевдин иш бөлмөсүнөн жашыруун тыңшоочу аппараттар январь айында табылган. Депутаттар аны Улуттук коопсуздук кызматы коюшу мүмкүн деп шектенгенде, УККнын төрагасы Калык Иманкулов ал жетектеген мекеменин буга эч кандай тиешеси жоктугун билдирген.

XS
SM
MD
LG