БИШКЕК. «Кыргыз бийлиги Ооганстанда демократиялык мамлекет куруу демилгелерин колдойт. Ооганстанга жардам бериш үчүн Борбор Азия мамлекеттеринде материалдык жана интеллектуалдык ресурстар жетиштүү. Кыргызстан оогандыктардын муктаждыгына ылайык товарларды өз ишканаларында чыгарып берүүгө жана Ооганстанды калыбына келтирүүгө зарыл кадрларды берүүгө даяр» деп билдирди президент Аскар Акаев Бишкекте өткөн эл аралык конференцияда. Эки күн мурда башталган бул конференцияга Ооганстандын каржы министри Ашраф Гани, Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын администратору Марк Браун, Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев да катышты. Конференциянын соңунда бирдиктүү кайрылуу кабыл алынды. Анда Ооганстандын өнүгүшүнө ар тараптан салым кошуу убадасы жазылган.
Президент А.Акаев Ооганстанга жардам берүүгө Кыргызстандын чама-чаркы жетет деген ишенимде