Маданий чара бул ирет испаниялык режиссер Педро Алмодовардын католик динаятчыларынын жаш балдарга карата бачабаздык жоруктарын баяндаган "Ыплас билим берүү" аттуу тасмасын көргөзүүдөн башталды. Быйылкы фестивалдын жюрилер командасынын президенти – америкалык режиссер Квентин Тарантино. 12 күн улана турган киносынакка 1000дей тасма катышат. Эксперттер – башкы сыйлыктарды "Шрек 2" анимациялык тасмасынын уландысы, "Киши өлтүргүч аялдар" аттуу кылмыш аралаш комедия жана АКШ президентинин 11-сентябрдан кийинки саясатын сындаган "9/11 термометри" көркөм фильми талашат деп боолгошууда.
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган – Венера Сагындык кызы, Прага.
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган – Венера Сагындык кызы, Прага.