Нью-Йорктогу биржа жабылаар алдында чийки мунайдын бир баррелинин баасы 40 доллар 77 центке айланып, шейшембидеги рекорддук көрсөткүчтөн дагы 71 центке кымбаттай түштү. Эксперттер мунайдын баасынын жогорулашына – дүйнөдө кара майга болгон муктаждыктын өсүшү жана Жакынкы Чыгыштагы бейстабилдүү абал себепчи деген пикирде.