Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Ирактын футбол командасы Афинадагы Олимпиядага катышат


Мындай ийгиликке ирактык футболчулар Сауд Арабиянын командасын 3:1 эсебинде утуп алып жетишип отурат.

Ал тапта АКШ аскерлери Ирактын Кербала калаасында Моктада ас-Садр башында турган радикал шийиттер менен салгылаштарын улантышты. Америкалык генерал Марк Киммит соңку эки күн ичинде 22 козголоңчу өлтүрүлүп, коалициялык күчтөрдүн алты жоокери жарадар болгонун билдирди. "Фаллужа шаарында кырдаал тынчый түштү. Ал жерде бир аптадан бери ок атылган жок. Аймактагы диний лидерлер ок атууну токтотууга үндөп жатышат", - деди генерал Киммит. Ал эми ирактык радикал шийиттердин лидери ас-Садр анын согушкерлери өз мекенин жана ыйык жайларды коргоо ишин уланта берет, ага чейин куралын таштабайт деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG