Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:17

Баткенде аялдар демилгени колго алды


БАТКЕН. "Аялдар жана үйбүлө иши" департаменти уюштуруп, 13-майда өткөн бул жыйынга облус губернаторунун орун басары Токто Илязова жана демилгелүү бир катар аялдар катышты. Анда алгач демилгелүү аялдардын "Аялзат" борборунун курамы толукталып, борбордун мүчөсү 50 аялга жеткени маалымдалып, алардын жасап жаткан иштери жөнүндө сөз болду. Демилгелүү аялдар облус борборун көрктөндүрүү ишине өтө зор салым кошкону белгиленди. Ошондой эле элди ашыкча чыгымдарга кириптер кылчу той-аштарды, каада-салттарды азайтуу туурасында да талкуу жүрдү. Мындан сырткары үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту жоюу, гендердик теңчилик боюнча да түрдүү ой-сунуштар айтылды.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG